АДИАБАТА ПРОЦЕССИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:30, 11 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АДИАБАТА ПРОЦЕССИ – системада тышкы чөйрө м‑н жылуулук алмашпастан өтүүчү термодинамикалык  процесс. А. п. жылуулук өткөрбөөчү (адиа­баталык) катмардуу системаларда болот. Мис., тышкы чөйрө м‑н жылуулук алмашууга үлгүр­бөй турган системада өтө тез өтүүчү процессти, вакуумдагы зат м‑н жүргүзүп жаткан тажрый­баны А. п. деп айтсак болот, себеби идиштин ичи сырткы чөйрөдөн жылуулук өткөрбөйт, о. эле жогору көтөрүлгөн аба атм. басымдын ыл­дыйлашы м‑н адиабаталык кеңейет. Бул абанын муздашына алып келет. А. п. кайталаны­шы (Кайталанма процесс) ж‑а кайталанбашы  (Кайталанбоочу процесс) мүмкүн. А. п. негизинен системанын ички энергиясынын өзгөрүшүнө, системага карата же системанын тышкы чөйрөгө карата аткарган жумушуна көз каранды. Ал изотерма процессинен айырмаланып, турактуу темп‑рада өтөт.