АДЖАНТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:50, 12 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – Бат. Индияда Вахор д‑нын өрөө­нүндөгү аскага чегилип жасалган будда монас­тырынын үңкүр комплекси. Анда чайттардан (храм) ж‑а вихарлардан (келье) турган 30га жакын жайлар курулган. А‑дагы эстеликтер негизинен б. з. 4–5‑к‑на, ал эми 5 залы (ошол мезгилдеги дубалга тартылган сүрөттөрдүн бир бөлүгү сактальш калган) б. з. ч. 2–1‑к‑га таандык. 
Файл:АДЖАНТА1.png
Үңкүрдөгү сүрөттөн фрагмент, Ансара («асман кызы»), 5–7‑к.

А. үңкүрү айбанаттар ж‑а өсүмдүктөрдүн сүрөттөрү, о. эле буддалык уламыштардан алынган мотивдер м‑н кооздолуп, скульптура м‑н архитектуранын бирдиктүү айкалышынан. турат. А‑дагы кайталангыс оймо‑чиймелер, турмуштук байкоолорго, өткүр фантазияга ж‑а композициялык көркөмдүккө бай кооздугу Индиянын ошол кездеги көп жактуу турмушун чагылдырат.