АДЕНОМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:07, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДЕНОМА (гр. aden – без, ома – шишик) – де­недеги ар кандай бездүү органдарда (эмчек, боор, бөйрөк, простата бездери ж. б.) без эпителийи­нен пайда болуучу зыянсыз шишик. Анда без тканынын баштапкы түзүлүшү сакталат. Анын өлчөмү, формасы ар түрдүү, көзгө көрүнбөгөн ки­чинекей көлөмдөн тартып, баланын башындай болгон эң чоң Аденомалар кездешет. Аденома кээде залал­дуу шишикке (ракка) өтүшү мүмкүн. Ошондук­тан операция же башка жол менен өз учурунда дарылоо керек.