АДЕНОВИРУСТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:35, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДЕНОВРУСТАР (гр. aden – без жана вирус­тар) – киши жана жаныбарларда бир катар оору­ларды пайда кылуучу микроорганизмдердин чоң тобу. Алар кишинин аденоид жана бадам бези­нен табылган. Аденовирустар дем алуу органынын катуу кармоочу бир катар оорусу, конъюнктивит, энтероколиттер, пневмония жана башкаларды козгойт. Алар антибио­тиктерге, төмөнкү температурага жана сырткы чөйрөнүн түрдүү шарттарына туруктуу. Ультракыз­гылт көк нурдун таасиринен, 5% түү формалин жана фенол эритмесинде өлөт, к. Аденовирус оору­лары.