АДЕНОВИРУСТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:08, 15 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (гр. aden – без ж‑а вирус­тар) – киши ж‑а жаныбарларда бир катар оору­ларды пайда кылуучу микроорганизмдердин чоң тобу. Алар кишинин аденоид ж‑а бадам бези­нен табылган. А. дем алуу органынын катуу кармоочу бир катар оорусу, конъюнктивит,энтероколиттер, пневмония ж. б. Алар антибио­тиктерге, төмөнкү темп‑рага ж‑а сырткы чөйрөнүн түрдүү шарттарына туруктуу. Ультракыз­гылт көк нурдун таасиринен, 5% түү формалин ж‑а фенол эритмесинде өлөт, к. Аденовирус оору­лары.