АДЕНОВ Жумабай Аликеевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:26, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДЕНОВ Жумабай Аликеевич (1948‑жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району, Кызыл‑Суу айылы) – химия илимдеринин доктору (1999). КМУну (1971), Кыргыз ССР ИАнын органикалык эмес жана физикалык химия институтунун аспирантурасын (1977) бүтүргөн. Ошол институтта кенже, улук илимий кызматкер, 1986‑жылдан КММАнын кафедра башчысы. Химия жана химиялык технология боюнча илимий иштерди жүргүзгөн.

Эмг.: Соединения сурьмы с винной кислотой и ее производные (в соавторстве). Б., 1991; Биологическая роль химических элементов и применение в ветеринарии. Б., 1999; Биогендик элементтер. Б., 2000.