АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:52, 15 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (лат. adventicius ­келгин, адаттан тышкары) – өсүмдүктүн калып­танып бүткөн бөлүктөрүнүн адаттан тышкары жеринде, экинчи түзүүчү ткандардан пайда болгон көмөкчү органдар (бүчүрлөр, тамырлар).Мис., адвентивдик бүчүрлөр адаттагыдай сабак­тын учуна же муунуна – жалбырак колтугуна чыкпастан, сабактын муун аралыгында, жал­быракта ж‑а тамырда пайда болот; ал эми адвентивдик тамырлар сабактан, жалбырактан өсүп чыгат. Алар өсүмдүк шагын, тамыр систе­масын байытат, кээде негизги тамырларга тете болот.
                                                        	А.Мурсалиев.