АДАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:42, 17 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДАТ (каада-салт, үрп‑адат) – тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүндө узак мезгил ичинде калып­танган, калктын көпчүлүгү үчүн өнөкөткө ай­ланып, муундан‑муунга өтүп келаткан, коом­дук пикир менен корголгон улуттук, элдик, этни­калык алакалар эрежелери. Ал мамлекет тарабынан көзөмөлдөнбөйт, коомдук пикирдин күчү менен аткарылат жана сакталат. «Постиндустрия­лык» заман талабына жараша жаңы адаттар ка­лыптанууда.