АДАПТАЦИЯ ЗОНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:19, 29 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДАПТАЦИЯ ЗОНАСЫ -- 1) өзгөчөлөнгөн экологиялык шарттарга мүнөздүү тиричилик мейкиндигинин белгилүү бир тиби (мисалы, деңиз, тузсуз суулар, кургактык, топурак). Бул тиричилик топтору­нун жашоо чөйрөсү болуу менен бирге, аларда адап­тацияны пайда кылат; 2) белгилүү бир организм­дер топторун мүнөздөөчү адаптациялык жөн­дөмдүүлүктөрүнүн жыйындысы (мисалы, канаттуу­лар классы, жыландар түркүмү ж. б.). Адаптация зонасынын алмашышы менен макроэволюциялык кайрадан түзүлүүлөр жүрөт.

(макала алмашат)