АДАНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:09, 29 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДАНА С е й х а н – Түркиянын түштүгүндөгү шаар; Адана илинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Сейхан дарыясынын боюнда жайгашкан. Б. з. ч. 63‑жылы Рим кол башчысы Гней Помпей негиздеген. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүн Рим менен байланыштырган аскер жолундагы таяныч пункту. Калкы 1,4 млндон ашык (2010). Пах­тачылык өнүккөн маанилүү райондун соода жана өнөр жай борбору. Машина куруу, текстиль, химиялык, кагаз, полиграфия, тамак‑аш, жыгаччылык, мебель, цемент өнөр жайы, университет бар. Чоң таш көпүрө (6‑к.), капка калдыгы (782‑ж.) сак­талган.