АДАНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:31, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Nurjan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДАНА С е й х а н – Түркиянын түштүгүндөгү шаар; Адана илинин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Сейхан д‑нын боюнда жайгашкан. Б. з. ч. 63‑ж. Рим кол башчысы Гней Помпей негиздеген. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүн Рим менен байланыштырган аскер жолундагы таяныч пункту. Калкы 1,4 млндон ашык (2010). Пах­тачылык өнүккөн маанилүү р‑ндун соода жана өнөр жай борбору. Машина куруу, текстиль, хим., кагаз, полигр., тамак‑аш, жыгаччылык, мебель, цемент өнөр жайы, ун‑т бар. Чоң таш көпүрө (6‑к.), капка калдыгы (782‑ж.) сак­талган.