АДАМБЕКОВА Айлен Доктурбековна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДАМБЕКОВА Айлен Доктурбековна [4. 12. 1979-жылы туулган, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары ] – юрист, юридика илимдеринин доктору (2011), профессор (2019). Милициянын полковниги (2020). 2002-жылы КМУнун юридикалык факультетин бүтүргөн. 2002–08-жылдары Бишкектеги Билим берүүдөгү стратегиялык технологиялар институтунун (ИСИТО) социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, окумуштуулар кеңешинин илимий катчысы, 2008-жылдан КР ИИМдин Академиясынын илим жана илимий педагогикалык кадрларды даярдоо факультетинде улук илимий кызматкер. Мамлекет жана укук тарыхы жана теориясы боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгектин (2 монография, 14 окуу китеби, 5 окуу-методикалык колдонмо) автору. Медалдар менен сыйланган.