АДАМАЛИЕВ Кубанычбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 28 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДАМАЛИЕВ Кубанычбек (1947, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор -29.02.2012. Бишкек) ‒ хирург, медицина илимдеринин доктору (1996), проф. (1996). И.К. Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргөн (1971); ошол эле жерде окутуучу болуп иштеген. 120дан ашык ил. эмгеги балдар хирургиясына арналган, 4 окуу китебинин, 2 ойлоп табуунун автору. 1966-жылдан жазуучу катары да белгилүү. Анын «Кандаш адамдар» (1971), «Врачтын түшүнүгү» (1977), «Кечмелик» (1980), «Эненин ак сүтү» (1989) повесттер жана аӊгемелер жыйнагы, «Жүрөк кагуусун уланта берет» романы (1985), «Быйылкы жаз менин айылымда» (1973), «Шаттык» ж. б. ырлар жыйнагы жана поэмалары жарык көргөн.

Эмг.: Социальные проблемы и актуальные вопросы сепсиса у детей. Б., 1993; Инфузионная терапия сепсиса у детей. Б., 1993.