АДАМ УКУКТАРЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ГАРАНТИЯЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДАМ УКУКТАРЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ГАРАНТИЯЛАРЫ – адамдын негизги укуктарын жанa эркиндиктерин коргоонун каражаты катары конституцияда белгиленген процессуал­дык укуктардын жыйындысы. Буларга укук­тарды жанa эркиндиктерди сот аркылуу коргоо мүмкүнчүлүктөрү; мамлекеттик органдардын же алар­дын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери­нен же аракетсиздигинен келтирилген зыянды мамлекеттин эсебинен өндүрүп алуу укуктуулу­гу, эгер коргоонун мамлекеттик ички каражаттары бүт колдонулса, бирок натыйжасыз болсо, адам укуктарын жанa эркиндиктерин коргоо боюнча эл аралык органдарга кайрылуу мүмкүнчүлүктөрү; көз карандысыз жанa бейтарап калыс сот, ошондой эле адам укуктарын коргоо Конституцияда каралган мыйзам менен белгиленген Омбудсмен – Акый­катчы; адам укуктарын жанa эркиндиктерин чектөөгө жол берген негиздерди жанa чектерди белгилеген эрежелер кирет.
М. Керимбаев.