АГЫМ КАТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:37, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (орусча Поточная линия) ‒ өз ара байланышкан ж-а бир технол. процесс б-ча берилген тартип м-н иштөөчү жабдуулар тутуму. Ар бир жумушчу орунда бир же бир нече технол. окшош сомдомолорду (заготовка) иштетүү операцияларын гана аткарат. Жумушчу орундар берилген технол. процесстердин удаалаштыгына ылайык жайгаштырылат. Сомдомолор бир жумушчу орундан кийинки сине жылдыргычтардын (конвейердин) жардамы м-н жеткирилет. А. к. технол. процесстин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылып, аны механикалаштырууга ж-а автоматташтырууга мүмкүндүк берип, массалык өндүрүштө кеӊири колдонулат.