АГРОТОКОЙ МЕЛИОРАЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГРОТОКОЙ МЕЛИОРАЦИЯСЫ, т о к о й м е л и о р а ц и я с ы ‒ токой өстүрүүчүлүк жана мелиорациялык чаралар ситемасы. Токой тигилген жерлерде шамал басаӊдап, кар жана суу токтойт. Микроклимат өзгөрөт, топурак бузулбай, топурактын нымдуулугу көбөйөт, анын натыйжасында топурактын күрдүүлүгү артат. А. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү көбөйөт. А. м. агрономия, ботаника, топурак таануу, геология, метеорология, токой таануу илимдери менен тыгыз байланыштуу. Кыргызстанда бул максат менен тигилген токойлордун аянты 3 миӊ гадан ашык.