АГРОЛАНДШАФТ КАРТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:25, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АГРОЛАНДШАФТ КАРТАСЫ‒ топурак кыртышынын структурасы м-н кошо түрдүү табигый ж-а а. ч. өзгөчөлүктөрүнө мүнөздүү участоктор чогуу чагылдырылган карта. Бул участоктор аймакты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектеген көрсөткүчтөрдүн (кыртышы жуулуп кеткен, ашыкча нымдуу, таштуу ж. б. жерлер) негизинде бөлүнүп лынат. аны а. ч. өндүрүшүнүн экол., экон. жактарын караган мекемелер пайдаланат.