АГОНИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:21, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГОНИЯ (гр. agonia ‒ жанталашуу, күрөш) ‒ адам менен жаныбарлардын өлөр (үзүлөр) алдындагы абалы. Агония ‒ клиникалык учур, эгер жардам көрүлбөсө биологиялык өлүм менен бүтөт. Мында дем алуу начарлайт, кыркырак пайда болуп, акыл-эстен танат, сезүү органдарынын иши төмөндөйт, жүрөктүн кагышы солгундайт, өӊү кубарат, териси, эрини көгөрөт. Агония бир нече секундадан 1‒2 саатка чейин созулат. Агониянын алдында тамырдын кагышы бир калыпта болбой, айрым учурда кан басымы жогорулайт. Андан кийин жүрөктүн кагуу ыргагы жоголуп, кан басымы нөлгө чейин түшөт, эрксиз заарасы, заӊы чыгып кетет. Дем алуу жана кан айлануу токтоп, клиникалык өлүм башталат. Агония абалынан айрым учурда, мисалы, кан көп жоготкондо, эстен танганда, асфиксияда өз убагында медициналык жардам көрсөтүлсө, адам өмүрүн сактап калуу мүмкүн.