АГИТАЦИЯЛЫК ИСКУССТВО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:35, 17 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГИТАЦИЯЛЫК ИСКУССТВО ‒ сүрөт искусствосунун түрү. Ага саясий плакат, саясий гезиттерде үгүттүк маанайдагы сүрөттөр, көркөм искусствонун соода рекламалары жана элдик оюн-зоокторду жана башка массалык иш-чараларды кооздоодо көркөм жасалгалоонун кээ бир элементтери кирет. Агитациялык искусствонун бул түрлөрүнүн негизги өзөгүн кыска, көрүүчүлөргө дароо таасир этүүчү көркөм формадагы саясий идеялар түзөт, анын ичинде өлкөнүн саясий турмушунда болуп жаткан окуяларга тез жана ыкчам жооп кайтарууда ар кыл саясий күчтөр үчүн кубаттуу идеялык курал болуп саналат.