АГИОГРАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(гр. – ыйыктар ж-дө жазамын) – диний темада жазылган чыгармалар. Пайгамбарлардын жана олуялардын турмушу тууралуу чагылдырылат. Ар кандай диндерге байланыштуу А-нын темасы, идеясы, максаты ар түрдүүчө болгон. А. Навоинин «Пайгамбарлар жана даанышмандар тарыхы» деген чыгармасында ислам дининин ыйыктары ж-дө айтылат. Кыргыздардын революцияга чейинки жазма жана оозеки адабиятында мындай чыгармалар болгону менен алардын көбү бизге толук жетпей калган. Акын Э. Эрматов Мухаммед пайгамбар тууралуу ыр китебин жазган жана анда ал инсандын өмүрү, ишмердүүлүгү чагылдырылган.