АГГЛЮТИНАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГГЛЮТИН́АЦИЯ (лат. agglutinatio ‒ жабыштыруу) б и о л о г и я д а – бактериялардын, кан эритроциттеринин бири бирине жабышып чөгүшү. А. ар кандай жугуштуу ооруга чалдыккан, иммундалган адамдын жана жаныбардын канындагы антителолордун өзгөчө заты – агглютининдердин таасиринин натыйжасында жүрөт. Агглютинация реакциясы электролиттердин (натрий хлориди ж. б. туздар) катышуусунда гана өтөт. Ал кандын кайсы топко кирерин, жугуштуу ооруга чалдыктырган микробдордун түрүн жана тибин аныктоодо кеӊири колдонулат.