АГАРТУУЧУЛУК РЕАЛИЗМИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГАРТУУЧУЛУК РЕАЛИЗМИ ‒ 17‒18-кылымдарда калыптанып, пайда болгон идеялык агымдардын бири. Кыймылдын башында көрүнүктүү окумуштуулар, ойчул акылмандар, философтор турган. Агартуучулук реализми айрыкча Францияда өтө күчтүү өнүккөн. «Илимдердин, искусствонун жана кол өнөрчүлүктүн энциклопедиясы» же түшүндүрмөлүү эмгектин жарыкка чыгышы ошол мезгилдин эӊ маанилүү маданий окуясы болгон. «Энциклопедиянын» жаралышына Д. Дидро, Вольтер, Ш. Монтескье сыяктуу улуу окумуштуулар катышкан. Агартуучулар чыгармаларын да адамдын аӊ-сезимине ишенишкен, аӊ-сезимди өзгөртүү, «агартуунун» натыйжасында гана адам эркиндикке, теӊдикке жетүүгө мүмкүн деп эсептешкен. Агартуучулук реализми термининин келип чыгышы Д. Дефонун «Робинзон Крузо» (1719) деген романына байланыштуу. Бул романда адам жашабаган аралда жалгыз калган адамдын жашоо үчүн жанталашкан аӊ-сезимдүү күрөшү баяндалат. Демек, Агартуучулук реализм адабияты адамдардын адеп-ахлактык жүрүм-турумун сүрөттөөгө, өзүнүн ички пафосу менен акыл-насаат айтууга, жыйынтык чыгарууга багытталат.