АГАЖАРИ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:10, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГАЖАРИ КЕНИ ‒ Ирандын түш.-чыгышындагы ири газ-нефть кени. Нефтилүү бассейн Перс булуӊунун чегинде жайгашкан. 1936-ж. ачылып, 1938-жылдан иштетилет. Аянты 388,5 км2. Алгачкы нефть запасы 1,9 млрд т, газ 263 млрд м3. Асимметриялык антиклиналдык түзүлүшүнүн бүктөлүү канатчасы Месопатамия ийилүүсүнө туура келет. Курамындагы акиташ тегинин тереӊдиги 1550‒1250 м, жогорку бор акиташы ‒ 1700 мден жогору. Нефтинин тыгыздыгы 852 кг/м3, күкүрттүүлүгү 1,4%. Нефть куурлары Бендер-Махшехр портуна жана Абадан ш-ндагы нефть ажыратуучу з-дго чейин жеткирилген.