АГА-ХАН III

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:49, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГА-ХАН III, С у л т а н М у х а м м а д ш а х (2. 11.1877, Карачи ш. ‒ 11.7. 1957, Египет, Асуан ш.) ‒ шеит-исмаилит мусулмандарынын 48-мураскер имамы. «Ага Хан» титулу Персиянын башкаруучусу тарабынан берилген. Ал 1937-жылы Улуттар Лигасынын Президенти болуп дайындалган. Ага Хан III исмаилит мекемелеринин негизги иш чараларын уюштуруп, жетектөө менен бирге мусулмандардын кызыкчылыгын жактаган, аялдарга билим берүүнү колдогон жана тынчтык үчүн активдүү күрөшүп, эл аралык аренада зор кадыр-баркка ээ болгон.