АВТОРЛОШКОН КОТОРМО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОРЛОШКОН КОТОРМО – котормочунун автор менен бирдикте чыгарманы бир тилден экинчи тилге которуусу. Мис., «Абай» романын Л. Собелев автор менен бирдикте орусчага которгон. Азыркы кыргыз адабиятында авторлошкон котормо арбып эле кездешет. Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим», «Жамийла» повесттери орус тилине А. Дмитриева менен бирдикте которулган. Кээде чыгармасын башка тилге өзү которгондор да болот. Мис., Ч. Айтматов «Саманчы жолу» повестин орус тилине өзү которгон.