АВТОРДУК ЭКЗЕМПЛЯР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОРДУК ЭКЗЕМПЛЯР – автордук келишимге ылайык, авторго (анын мураскоруна) басмакана тарабынан акысыз негизде берилген китеп басылмасынын экземпляры (нускасы). Адабий чыгарманын биринчи басылышында 10 автордук экземпляр берилет. Кайра басылып чыккан учурда авторлордун санына карабастан 2 экземпляр берилет. Которулуп басылып чыккан чыгарманын авторуна, сүрөтчүлөргө, график сүрөтчүлөрүнө жана музыка авторлоруна автордук экземплярдын аз саны берилет. Учурда автордук экземпляр ушундай эле тартипте жүргүзүлөт.