АВТОРДУК МҮНӨЗДӨМӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОРДУК МҮНӨЗДӨМӨ – адамды же окуя-кырдаалдарды мүнөздөөчү автордук баяндоонун бир түрү. Бул ыкмада автор бир көрүнүштү мүнөздөп, ага оюн билдирет. Мисалы, «Биз келсек Урмамбет үйдө жайланып отуруп калыптыр. Баягы Урмамбет эмес: үстүндө бир сур шинели бар, ичинде төш чөнтөктүү сур көйнөк, бутунда кычыраган жаңы сары өтүк. Бар кийими жарашып, түптүз, типтик, чарчы бойлуу, шаңкыйган бир сырдуу солдат болгон да калган! Баягыда ушул жол менен Германияга жөнөткөн солдаттардан түк айырмасы жок. Жалгыз гана башында кыргызча көк тебетейи бар» (М. Элебаев).