АВТОРДУК КЕЛИШИМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:02, 25 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОРДУК КЕЛИШИМавтор (же анын мурасчысы) менен башка бир адамдын ортосундагы ошол чыгарманы колдонуу (басып чыгаруу, сахнага коюу ж. б.) боюнча түзүлгөн макулдашуу; автор менен басманын ортосунда жетишилген өз ара бүтүмдүн натыйжасын аныктоочу документ. Кол жазманын көлөмү, аны тапшыруунун мөөнөтү, калем акынын өлчөмү жана аны төлөө, кайрадан басып чыгаруу иштери автордук келишимдин негизинде алдын ала аныкталат.