АВТОМОБИЛЬ СПОРТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОМОБИЛЬ СПОРТУ ‒ жарышуучу, спорттук, сериялык автомобилдердин (рекорд ж. б. үчүн шосседе, автодромдо жарышуу) жана карт-

Файл:АВТОМОБ ИЛЬ СПОРТУ9.png

тардын картингинде (атайын жарышта) өткөрүлүүчү мелдеш. 1-автомобилдик мелдеш 1894-ж. Францияда Париж-Руан-Париж маршруту б-ча өткөрүлгөн. Мелдеште автомобилдин бекемдигине, айдап жүрүү жеӊилдигине, айдоочунун коопсуздук эрежелерин сактоосуна жана бензин сарптоосуна баа берилген. Эл аралык автомобиль федерациясы 1904-ж. негизделген. Бул спорт б-ча дүйнөлүк чемпионат 1925-жылдан өткөрүлөт.