АВТОМОБИЛЬ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:34, 14 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan (Temirkan moved page АВТОМОБ ИЛЬ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ to АВТОМОБИЛЬ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОМОБИЛЬ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ‒ автомобилди кыймылга келтирүүчү механикалык энергиянын булагы болгон атайын кыймылдаткыч. Автомобиль үчүн жылуулук жана электр кыймылдаткычы колдонулат. Анын көпчүлүгү ичинен күймө

бышкектүү (поршендүү) кыймылдаткыч болот да, жумуш процесси боюнча 4 жана 2 такттуу, күйүүчү майды от алдыруунун жолу боюнча карбюратордуу жана дизелдик болуп бөлүнөт. Автомобиль кыймылдаткычы цилиндринин саны жана жайгашышы (катарлаш, V түрүндө ж. б.), клапанынын орун алышы (жогору же төмөн), цилиндринин жумуш аткаруу көлөмү (литражы), муздатуу түрү (суу, антифриз же аба менен), аткарган кызматы ж. у. с. боюнча айырмаланат. Азыркы 4 такттуу Автомобиль кыймылдаткычы цилиндрдин блогунан (картери менен) жана бөркүнөн, бышкектен, тээктен (шатундан), муунактуу валдан, күүлөнтүүчү дөӊгөлөктөн, бөлүштүргүч валдан ж. б. турат. Цилиндринин саны канча көп болсо, кыймылдаткыч ошончо бир калыпта иштейт. Кыймылдаткычтар: радиатор, желдеткич, аба жана май чыпкалары, стартер ж. б. менен жабдылат. Жеӊил жана көлөмү кичине аккумуляторду түзүү шаар ичинде

Файл:АВТОМОБ ИЛЬ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ10.png
Карбюраторлуу кыймылдаткычтын туура кесилиши: 1 ‒ картер; 2‒ муунактуу вал; 3 ‒ шатун; 4 ‒ бышкек (поршендин) шакекчеси; 5 ‒ бышкек; 6 ‒ цилиндр блогу; 7 ‒ клапан; 8 ‒ цилиндрдин бөркү; 9 ‒ бөлүштүргүч вал; 10 ‒ коромысло; 11 ‒ карбюратор; 12 ‒ старт¸р.

жүргөн автомобилдердеги ичинен күймө кыймылдаткычты электр кыймылдаткычы менен алмаштырууга да мүмкүндүк берет.