АВТОМАТТЫК ЧИЙҮҮ ПРИБОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:04, 30 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОМАТТЫК ЧИЙҮҮ ПРИБОРУ‒ график, чийме ж. б-ды жогорку тактыкта автоматтык түрдө чийүүчү түзүлмө. Автоматташтырылган долбоорлоо системасынын маалыматты чыгаруучу негизги түзүлмөлөрүнүн бири жана конструктордун автоматташтырылган жумушчу орунунун негизги бөлүгү. Ал маалыматты инпульс түрүндө ошол автоматташтырылган долбоорлоо системасы менен автоматташтырылган жумуш орунундагы компьютерден алат. Сүрөттү чөйрө сызыгы (контуру) боюнча чийет жана чекиттер боюнча түзөт, андан тышкары тактачалык (планшеттик) жана рулондук прибор болуп бөлүнөт. Куроодо (монтаждоодо), карта тартууда, долбоорлоодо, маалыматтык өлчөө системасында ж. б. колдонулат.

Ж. А. Апышев.