АВТОМАТТЫК КОНДУРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:17, 14 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОМАТТЫК КОНДУРУУ‒ кондуруучу системадан жогорку тактыктагы сигналды алып, керек жабдуулар менен самолётту аэропортко кондуруу ыкмасы. Азыркы учурда көптөгөн авиалайнерде колдонулуучу бул система 1964-жылы тажрыйбада текшерилип, 1965-жылы пайдаланыла баштаган. Күн бүркөктө же түн ичинде Автоматтык кондуруу абдан натыйжалуу. Самолёт учкучтун жардамысыз коно турган тилкечеге автоматтык түрдө бет алдырылып,кыймылдаткычтарын өчүрүү менен токтоткучу (тормозу) ишке киргизилет.