АВТОМАТТЫК КОНДУРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:58, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОМАТТЫК КОНДУРУУ‒ кондуруучу системадан жогорку тактыктагы сигналды алып, керек жабдуулар менен самолётту аэропортко кондуруу ыкмасы. Азыркы учурда көптөгөн авиалайнерде колдонулуучу бул система 1964-ж. тажрыйбада текшерилип, 1965-ж. пайдаланыла баштаган. Күн бүркөктө же түн ичинде А. к. абдан натыйжалуу. Самолёт учкучтун жардамысыз коно турган тилкечеге автоматтык түрдө бет алдырылып,кыймылдаткычтарын өчүрүү менен токтоткучу (тормозу) ишке киргизилет.