АВТОМАТТЫК КОНДУРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОМАТТЫК ДУРУУКОН‒ кондуруучу системадан жогорку тактыктагы сигналды алып, керек жабдуулар менен самолётту аэропортко кондуруу ыкмасы. Азыркы учурда көптөгөн авиалайнерде колдонулуучу бул система 1964-ж. тажрыйбада текшерилип, 1965-ж. пайдаланыла баштаган. Күн бүркөктө же түн ичинде А. к. абдан натыйжалуу Самолёт учкучтун жардамысыз коно турган тилкечеге автоматтык түрдө бет алдырылып,кыймылдаткычтарын өчүрүү менен токтоткучу (тормозу) ишке киргизилет.