АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:20, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУНУ к о м п ь ю т е р д е ‒ башкаруучунун кесиптик милдетин аткарууда керек маалыматтык ресурстардын, программалык-техникалык жана уюштуруу-технологияларынын, жеке же туташтырылган коллективдик колдонуу каражаттарынын тутуму. Ал компьютер негизинде түзүлүп, тиешелүү жабдууларды, программалык жабдыктарды камтыйт. Автоматташтырылган жумуш орунунун жардамы менен кызматкер текстти иштетет, кабар алат жана аны жиберет, кеӊешмелерге катышат, документтердин өздүк архивин уюштуруп, алып жүрөт, эсептөөлөрдү аткарат жана жыйынтыгын жадыбал же график түрүндө алат. Административдик башкаруучунун, конструктор же долбоорлоочунун, архитектордун, бухгалтердин жана башка автоматташтырылган жумуш орундары кеӊири белгилүү.