АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ДОЛБООРЛООНУН ПРОГРАММАЛЫК ЖАБДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:24, 29 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ДОЛБООРЛООНУН ПРОГРАММАЛЫК ЖАБДЫГЫ (Computer -Aided Design Software-Програмное обеспечение автоматизированного проектирования). Автоматташтырылган долбоорлоонун программалык жабдыгы ар кандай объекттер, буюмдардын долбоорун түзүүдө колдонулат. Долбоордун айрым бөлүгү же бүтүндөй өзгөртүлсө жыйынтыгын ошол замат алууга мүмкүндүк берет. Иштелип жаткан буюмдун үч өлчөмдүү көрүнүшүн айлантып же белгилүү бурч менен кыйшайтып кароого мүмкүндүк берет. Бул программалык жабдыктын үлгүлөрү электрондук схемаларды долбоорлоодо, моделдөөдө, ландшафттык долбоорлоодо жана офис эмеректерин жайгаштырууда колдонулат. AutoCAD жана Parametric пакеттери кеңири таралган программалык жабдыктарга кирет.


Файл:АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ДОЛБООРЛООНУН ПРОГРАМ ЖАБДЫГЫ.jpg