АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ДОЛБООРЛОО
АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ДОЛБОРЛОО‒ компьютер жана тиешелүү программа каражаттарын пайдалануу менен өндүрүш жабдууларын долбоорлоо. Учурда А. д. өндүрүштүн негизи болуп калды. Ал арх-рада, шаар курулушунда, машина курууда, энергетикада ж. б. тармактарда долбоорлоо документтерин иштеп чыгууда кеӊири колдонулат.