АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:33, 16 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Jortbek тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(АБС) ‒ башкарылуучу объект м-н автоматтык өлчөөчү ж-а башкаруучу түзүлмөлөрдүн жыйындысы. Тех. куралдардан түзүлгөн башкаруу системасынын бир түрү. Анда тех. түзүлмөлөрдү колдонуу м-н башкаруу, маалымат чогултуу процесстерине адамдын кол ж-а акыл эмгеги пайдаланылбайт. Автоматтык башкаруу системасынан айырмаланып, бул система да жалаӊ тех. каражаттар м-н толук автоматташтыруу жүргүзүлбөйт. Бул системада кошумча түрдө оператор, тескөөр (диспетчер) ж. б. тейлөөчү адамдардын эмгеги колдонулат, б. а. адам бир функциялык элемент катары кызмат кылат. Коюлган максат, маселелерге карата ал технол. процесстерди, долбоорлоо иштерин АБСны болуп айырмаланат. АБСны түзүүдө матем., программалык, тех. каражаттар ж-а уюштуруу маселелери каралат. Анын негизин ЭЭМ түзөт. Ж. И. Батырканов.