АВТОЛИТОГРАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:27, 17 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОЛИТОГРА́ФИЯ (грекче autos ‒ өзүм, lithos ‒ таш, grapho ‒ жазам, тартам) ‒ литографияны аткаруунун бир түрү. Бул ыкмада сүрөтчү тикеден-тике таштын өзү менен иштейт жана ушул ыкма менен аткарылган графикалык чыгарма да автолитография деп аталат.

Файл:АВТОЛИТОГР АФИЯ23.png
О. Абсаттаров. «Сүйүү багы». 2004.

Сүрөтчү толугу менен, тактап айтканда, басмага басуунун толук технологиялык процессин литографиялык ташта көркөм иштөөнүн өзүн камтуу менен аткарат. Ташты иштетүү жана басмада басуу уста-полиграфист аркылуу жүргүзүлөт. Ташка тартылган чыгарманын көркөмдүгү сүрөтчүнүн жеке изденүүсүнө жана таштын формасына, аспаптарды колдонуусуна жараша болот. Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзундагы басма графика өнөрканасы Австрия жана Швейцария өлкөлөрүнүн колдоосу менен уюшулган (2005). А. Касымалиев.