АВТОКРАТИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОКРАТИЯ (гр. autokrateia ‒ өзү бийлөөчүлүк, жеке башкаруу) ‒ жеке адамдын чексиз, көзөмөлсүз толук бийлиги менен мүнөздөлүүчү башкаруу формасы; ошондой эле мыйзам чыгаруучулук, аткаруучулук функцияларды өз колуна алган, мамлекеттик аппараттын ишин өзү толук көзөмөлдөп турган, кол алдындагыларга жана карамагындагыларга эч көз каранды болбогон жогорку башкаруучунун бийлиги (мис., байыркы Чыгыштагы ‒ деспотия, байыркы Римдеги, орто кылымдагы империялар, абсолюттук монархиялар). Автократиянын альтернативасы — демократиялык өлкө.