АВТОКАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:46, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОКАР (авто жана англ. саr ‒ кол араба), а в т о а р а б а ‒ жүк салынуучу секичелүү (платформалуу) кыймылдаткычы бар өзү жүрмө араба. 5 тга чейинки майда жүктү кыска аралыкка 20 км/с ылдамдык менен ташууга арналган. Сактоочу жайда (склад) жүктү жүктөп-түшүрүү жумуштарын механизациялаштыруу үчүн жана завод аймагында, транспорт, темир жол тармагында, портто, ири кампаларда жана башкада пайдаланылат. Кыймылдаткычы катары ичинен күймө кыймылдаткыч колдонулат. Ал айрым учурда көтөрүүчү секичелер, жүктөгүчтөр жана башкалар менен жабдылышы мүмкүн. 1960-жылдардан баштап электркар деп аталган аккумулятор батареясы аркылуу кыймылга келүүчү автокар колдонула баштаган.