АВТОЖҮКТӨГҮЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:44, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОЖҮКТӨГҮЧ (авто... жана жүктөгүч ) ‒ жүктү көтөрүп-ташуучу, дөӊгөлөк менен өзү жүрүүчү машина. Кезеги менен алмаштырып турма жумушчу жабдыктардан (чөмүч, кыстарып- кыпчып, орой кетүүчү айры, түрмөктөр жана кыска түтүктөр үчүн штырь, чубурма материалдар үчүн чөмүч жана башкалар) турат. Ал дааналай жана чубурма жүктөрдү жүктөйт, түшүрөт, ошондой эле жайгаштыруу, которуп ташуу үчүн колдонулат. Жүк көтөрүмдүүлүгү 10 т келген автожүктөгүч кеӊири колдонулат. Автожүктөгүчтүн электр кыймылдаткычтары менен жабдылганы түрлөрү да бар.