АВТОЖООПБЕРГИЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:28, 17 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Jortbek тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (авто... ж-а жоопбергич) ‒ абонентке телеграфтык байланыш каналы б-ча кыскартылган же шарттуу аталыштарды өзүмдүк кылып автоматтык жооп берүүчү түзүлмө. Ал абонент ордунда жок болсо деле билдирүүлөрдү берет. Чакырып жаткан абонент м-н байланыштыруунун тууралыгын текшерүү үчүн абоненттик телеграфтоо станциясы аркылуу чакырып жаткан абонент байланыштын алдында ж-а бүткөндө старт токтоткуч аппаратынын клавиатурасынан «бул ким» суроо клавиатурасын басат. Ошол учурда чакырып жаткан абоненттин байланыш кабели б-ча анын фамилиясын, номурун же чакырып жаткан абоненттин шарттуу аталышын камтыган жоопту автоматтык түрдө билдирет.