АВТОГЕНЕЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:08, 18 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(авто ж-а генез) ‒ орг. дүйнөнүн өнүгүү процессинде чөйрө фактору эч мааниге ээ болбостон, өзүндөгү ички мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде жүрөт деп түшүндүргөн эвол. окуунун концепциясы. Ж. Б. Ламарктын градация, Г. Осборндун аристогенез, Э. Коптун батмогенез, Л. С. Бергдин номогенез, П. Тейяр де Шардендин руханий энергия ж. б. ж-дөгү окуулары А-дик мүнөзгө ээ. Бул агымдын өкүлдөрү бул көрүнүштү эвол. паралеллизм ж-а конвергенция кубулуштары м-н түшүндүрөт.