АВТОБИОГРАФИЯЛЫК ЧЫГАРМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:26, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОБИОГРАФИЯЛЫК ЧЫГАРМА – жазуучунун өзүнүн өмүр жолуна негизделип жазылган чыгарма. Мындай чыгармалар автобиографиялык роман, повесть, аңгеме, эскерүү, кат ж. б. жанрларда жаралат. М. Элебаевдин «Узак жол» повести, А. Токомбаевдин «Автобиографиялык фрагменттер», А. Осмоновдун «Жазуучулук баяным», К. Акиевдин «Баскан жол» сыяктуу чыгармалары акын-жазуучулардын өз өмүрү жөнүндөгү баян-эскерүүлөрү болуп эсептелет, к. Мемуар.