АВТОБЕКЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:24, 17 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОБЕКЕТ ‒ жүргүнчүлөрдү тейлөөчү жана жүк ташуучу унаалар менен камсыз кылуучу автотранспорттук мекеме. Ал жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуучу автобекет болуп бөлүнөт. Жүргүнчүлөр автобекети ‒ шаар аралык жана шаар айланасындагы автобус катнаштарында жүргүнчүлөрдү тейлөөгө арналган курулуш тутуму (к. Автовокзал). Жүргүнчүлөр автобекети чакан шаарларда жана райондун борборлорунда, автобустун акыркы токтоочу жеринде курулат. Жүк ташуучу автобекети ‒ жалпы пайдалануудагы автомбиль транспорт системасында шаар аралык жүк ташуу ишин жүргүзүүчү транспорт уюму. Ал ири шаарлар менен өнөр жай борборунан сыртка кеткен жолдордун чыга беришине, темир жол станциясына (бекетине), деӊиз жана дарыя портторуна жакын курулат.

Файл:АВТОБЕКЕТ26.png
Бишкек автобекети.

Жүк ташуучу автобекетинин негизги милдети ‒ жүктү өз убагында ташып жеткирүү; транспорттук-экспедициялык иштерди аткаруу; автомобилдин жүрүү графиктеринин аткарылышын текшерүү жана жүк жөнөтүүчүлөр менен эсептешүү. Кыргызстандын бардык райондорунун борборлорунда жана шаарларында жүргүнчүлөр автобекети, ири райондордо жүк ташуучу автобекети бар.