АВСТРАЛОИД РАСАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Файл:АВСТРАЛОИД РАСАСЫ37.png
Австралиялык аборигендер.

АВСТРАЛОИД РАСАСЫ ‒ веддо-австралиялык расанын курамындагы кичи раса. Австралоид расасына негизинен австралиялык аборигендер (түпкүлүктүү) кирет, ошондой эле Түштүк жана Түндүк- Чыгыш Азия, Батыш Океаниянын айрым аймактарындагы элдерде кездешет. Алар өӊү каратору, көзү кара, чачы тармал келип, африкалык негрлерден жазы мурундуулугу, калыӊ эриндүүлүгү, узун жаактуу, орто бойлуулугу жана денесинин түктүүлүгү менен айырмаланат.