АВСТРАЛИЯ ТИЛДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВСТРАЛИЯ ТИЛДЕРИ ‒ Австралиянын жергиликтүү элдеринин тили (бардыгы 600дөн ашуун тил, алардын ичинен 450гө жакыны кийинки 100 жыл ичинде жоюлуп кеткен). Типологиялык жактан Австралия тилдери мүчөлөмө (тагыраак айтканда, префикстешүүчү-суффикстешүүчү жана суффикстешүүчү) тилдердин тобуна кирет. Префикстешүүчү тилдер континенттин түндүгүндө (Арнемленд, Кимберли жарым аралында, Дампирдин жеринде), ал эми суффикстешүүчү тилдер Австралиянын калган бөлүктөрүнө, ошондой эле Арнемленддин түштүк-батышына жана Кейп-Йорк жарым аралына тараган. Анын жазмасы жок. Австралия тилдеринин тектештиги далилденбеген жана аны изилдөө негизинен 20-кылымдан башталган.