АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:54, 22 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

уяӊ жүндүү кой породасы. 18-к-да Англия, Испания ж-а Германиядан алып келинген меринос койдон Австралияда чыгарылган. Кийинчерээк алар фран ция рамбульеси ж-а америка вермонттору м-н аргындаштырылып , дене түзүлүшү, жүнүнүн сапаты б-ча бири биринен айырмаланган бир нече типтеги уяӊ жүндүү койлор

Файл:АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ38.png

чыгарылган. Файн тибиндеги кой саксон мериносунан жакшыртылып алынган. Анча чоӊ эмес, жумшак жүндүү. Кочкорунун салмагы 70 кг, соолугу 35‒40 кг, жүнүнүн ичкелиги 70-сапатта. Мелүүн климаттуу жерлерде багылат. Кочкорунан 9‒10 кг (кээде 20 кгга чейин), соолугунан 4‒5 кг (айрымдарынан 10 кг) жүн кыркылат. Уяӊ жүндүү кыргыз коюнун асыл тукумун жакшыртуу максатында кочкорлору Кырг-нга алынып келинген.