АВИС ДИНАСТИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:13, 9 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВИС ДИНАСТИЯСЫ (1385–1580) – португалиялык королдордун династиясы. Негиздөөчүсү – Авис орденинин (1147- же 1148-жылы негизделген, Португалиядагы Реконкистанын тарыхында зор роль ойногон орден) улуу магистри Жуан I. Авис династиясынын акыркы башкаруучуларынын мезгилинде Португалияда абсолютизм калыптанган.